Коронавируска каршы катуу чаралар көрүлсө, ал июндун соңунда басаңдашы мүмкүн

2176

Коронавирус пандемиясына каршы тиешелүү катуу чаралар көрүлсө, ал июнь айынын соңунда бүтүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү Кытайдын саламаттыкты сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитетинин атайын эксперттик комиссиясы тараткан.

Бирок ал үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так аткаруу зарыл. Учурда Кытайдын бир топ шаарларында жаңы типтеги вирус басаңдап жатканы байкалып, өлкөдө илдеттин эң жогорку көрсөткүчү өтүп кеткени маалымдалды.

Учурда короновирус дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарап, жуктуруп алгандардын саны 128 миңден ашса, алардын ичинен 4 720 киши каза тапты. Эки күн мурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия болгонун жарыялаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.