Коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуу үчүн ыктиярчылар изделүүдө

2063

Британиялык окумуштуулар коронавирусту жуктуруп алууга даяр ыктыярчыларды издеп баштады. Илимпоздорго вирустун анча коркунуч жаратпаган штаммдары киргизилип, эки жумалык карантинге жатууга даяр 24 киши керек экен. Макул болгон ар бир ыктыярчыга 4500 доллар берилери айтылууда.

Маалыматта экспериментке макул болгондордун саламаттыгына жана диетасына дарыгерлер көз салары белгиленет. Ыктыярчыларда Ковид — 19га салыштырмалуу жеңилирээк респиратордук белгилер пайда болору болжолдонууда.

Ал эми тесттен өткөн вакциналар менен дары каражаттары коронавирус менен ооруган бейтаптарга колдонулат. Окумуштуулар бул аракеттер эпидемияга каршы күрөшүүгө жардам берип, дүйнө жүзүндөгү дүрбөлөңгө чекит коёт деген ишеничтерин билдиришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.