Коронавируска сертификат саткандар кармалды (видео)

2694

Коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификаттарды саткандар жазаланууда. Он медик иштен алынды. Алардын арасында үй-бүлөлүк борборлордун жетекчилери, башкы дарыгерлер дагы бар. Ал эми шектүү бир медайым Түркияга качып кетүүгө үлгүргөн.

Жасалма сертификат саткандар боюнча материалдарды укук коргоо органдары иликтей турган болду. Ал арада мамлекеттик мекемелер дүйнөгө тарап жаткан коронавирустун «Омикрон» штаммын өлкөгө киргизбөө менен алек. Алгортимге улам бир өзгөртүү киргизилип жатат.