Коронавирустан айыккан 3 бейтап ооруканадан чыгарылды

5733

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап чыгарылган. Алар 24-25 жаштагы жигиттер жана 45 жаштагы аял.

«Учурда абалдын канааттандырарлык. Кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы коронавирустун жок экендигин көрсөтүп, ал ооруканадан чыгарылды», — деп кошумчалашты министрликтин. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144 кишиге жетти. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду. Учурда алты бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөөнүн абалы өтө оор экендиги кабарланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.