Коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөсү кенемте алды

3950

Жумуш учурунда коронавирус жугузуп алып каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом компенсация төлөп бериш үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөcүнө кенемте берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр иш учурунда вирус жугузуп алган медкызматкерлерден келген 800 документ каралууда. Өкмөттүн чечими менен иш учурунда оору жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган. Каза болгондорго 1 миллион сомдон кенемте берилиши керек.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан өмүрү кыйылган медицина кызматкерлери 80ден ашты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.