Коронавирустан набыт болгондордун саны 362 адамга жетти

1661

Кытайдын Ухань шаарынан Бишкекке жеткирилген 18 кыргызстандыктан коронавирустун белгилери байкалган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, аларды инфекционисттер карап чыгып, бардык анализдерин алышкан. «Бары таза чыкты», — дешет ак халатчандар.

Эске салсак, кыргызстандыктар Бишкекке казак тараптын жардамы аркасында, атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу алып келинген. Алардын ден-соолуктары аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылган. Алар 14 күн карантинде болуп, бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан набыт болгондордун саны 362 адамга жетип, учурда бул илдетти алып жүргөндөрдүн саны 17 миңден ашты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2 күн мурда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.