Коронавирустун Кыргызстанга келүү коркунучу күчөдү (видео)

2019

Кыргызстан менен чектеш өлкөлөрдө коронавируска кабылгандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал курчуй баштады. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Өкмөт башчы илдет Казакстан менен Өзбекстанга жеткенин айтып, Кыргызстан да ар кандай кырдаалга даяр туруш керек экенин баса белгиледи.

Кошуна өлкөлөрдөн келгендерди текшерүү күчөтүлөт. Ошондой эле, катардагы мамлекеттик кызматкерлерден тарта премьер-министрге чейин күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өтүштү. Ошондой эле, өкмөт күнүгө саат 11де коронавируска байланыштуу маалымат берип турмай болду.