Короосунда 15 дөбөт баккан кыргыз (видео)

3313

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, ит жылы үчүнчү жолу келүүдө. Буга чейин 1994, 2006-жылдарга туш келген. Илимде ит адамдын өмүрүн узартаары аныкталган. Швециялык окумуштуулар 12 жыл бою жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде, үйүндө бул жаныбарды кармагандардын жүрөк кан тамыр илдетинен көз жумуу ыктымалдыгы төмөндөөрүн таап чыгышкан. Ошондой эле, ит баккандар депрессия, психологиялык жактан чүнчүп кетүүдөн алысыраак болоору, стресске аз кабылаары далилденген. Муну короосунда 15 кыргыз дөбөтүн баккан Бишкек шаарынын тургуну Таалайбек Обосбеков дагы тастыктайт. Ал ит кармоону эки жыл мурда баштаган.