Коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштери (видео)

511

Бир жыл ичинде корруцпияга байланыштуу миңге жакын кылмыш иши козголду. Анын 19у боюнча эле келтирилген чыгым — 7 миллиард сомго жетет. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы билдирди. Дамир Сагынбаев журналисттер үчүн басма-сөз жыйынын өткөрүп, коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн бир жылдык жыйынтыгын чыгарды.

Учурда коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштеринин көбү тергелип бүтүп, сотко өтүп жатат. Мындан тышкары, сот, көзөмөл жана тартип сактоо органдарында иштегендердин топтогон байлыгын текшерүү уланууда, дейт коопсуздук кеңешинин катчысы. Жакын арада алардын туугандары дагы көзөмөлгө алына баштайт. Бул боюнча мыйзам-долбоору даярдалган.