Коррупционер чиновниктердин кара тизмеси түзүлөт (видео)

5816

Быйыл март айында «коррупцияга жол берип, кызматтык кылмыш кылган, мамлекеттик, муниципалдык менчикти уурдаган» деп айыпталган аткаминерлердин «Бирдиктүү кара тизмеси» түзүлөт. Программа «2024-жылга чейинки Антикоррупциялык саясий стратегиянын» алкагында иштеп чыгууда.

Азырынча ал реестрге коррупцияга малынгандарды киргизүү жол-жоболору так аныкталып чыга элек. Бирок демилгечилер ал тизме ачык болуп, тиешелүү порталда илинип турат жана улам түшкөн маалыматка жараша жаңыланат деп кепилдик беришүүдө. «Кара тизмеге» кирчүлөр кимдер?