Коррупционер-соттордон арылуу башталабы? (видео)

628

Сот системасына көлөкө түшүргөн Фемида өкүлдөрүнөн арылуу процесси улана берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков судьялардын 11-курултайында билдирди. Анда мамлекет башчысы сот тутумун реформалоо аракеттерине тоскоол болгон бир нече факторлорго токтолду. Алардын бири — Фемида өкүлдөрүнүн адилетсиз чечимдери.

Колу таза эмес судьялардын кесепетинен өлкөнүн инвестициялык климаты жабыркап, калктын сот тармагына болгон ишеними азайып жатат. Ошол эле маалда, бүтүндөй сот системасын жаманатты кылган судьялардын айынан адилет чечим чыгарган Фемида өкүлдөрүнүн эмгектери көмүскөдө калууда.