Коррупционерди бошоткондорго кол жетеби? (видео)

11264

Бүтүндөй сот системасына доо кетирген бир адамдын аракети. Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

Ошондой эле президент бул иште прокурорлордун да күнөөсү бар экенин белгилеп, бул боюнча башкы прокурордон отчет аларын айтты. Эске салсак, 12,5 жылга эркинен ажыратылган Насирбек Алмаматов чет өлкөдө качып, карматпай жүрөт.