Коррупционерлер акча төлөп эркиндикке чыга баштайбы? (видео)

629

Коррупцияга шектелгендер күрөөгө акча коюп, эркиндикте жүрүү мүмкүнчүлүгүн алышабы? Кечээтен тарта бул тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун сынына чыгарылып, ал кызуу талкууну жаратууда. Документке ылайык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча шектелгендер күрөөгө акча калтырса, тергөө камагынан бошотулушат.

Бир топ адистер бул демилгени колдошууда. Муну менен мамлекеттик каражатты үнөмдөөгө жардам болору айтылууда. Ошол эле убакта башка эксперттер кылмыш-жаза кодексинде «күрөө» жөнүндө даяр берене бар экенин жана ал иштеп жатканын эскертип жатышат. Дал ошол документке өзгөртүү киргизүү туура болмок дешет алар. Коррупционерлер канча акча төлөп эркиндикте жүрө алышат?