Коррупционерлерди аныктоонун жаңы мехенизми ишке кирет (видео)

732

2016-2017 жылдары экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча козголгон 250гө жакын иш токтотулуп же жабылып калган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев НТС телеканалына билдирди. Анын айтымында, учурда бул иштердин токтотулушу же жабылышы канчалык мыйзамдуу болгону териштирилүүдө. Ал эми укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында иштегендер жакын арада байлыгын текшерүүгө жазуу түрүндө макулдугун берет. Алардын декларациясындагы маалыматтардын чын-төгүнүн иликтөөнүн механизмдери иштелип чыгып, токтом-долбоору өкмөткө жөнөтүлгөн. Документ кабыл алынса эле тартип сакчыларынын, соттордун жана прокурорлордун киреше-чыгашасы текшериле баштайт.