Коррупция менен ким күрөшүп жатат? (видео)

770

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кадрларды тандоодо эл аралык тажрыйбаларды колдонуу зарыл. Президент жакында эле УКМКнын төрагасына бул мекемеде иштегендердин ар биринин ээлеген ордуна ылайык келишин карап чыгууну тапшырып, мекеменин ишин жаңы форматка өткөрүүнү буйруган. Буга коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишинен натыйжа чыкпай жатканы себеп болууда. Эксперттердин айтымында, алгач иштеп жаткандарды атайын ыкмалар менен тандап чыгуу керек. Ошондой эле, кызматтын ичтен тазалануусун шарттап, өздүк аудитти күчөтүү зарыл. Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү кызматын реформалоо тез арада ишке ашышы шарт.