Коррупция менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 39 млн. сом которулду

744

Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке биринчилерден болуп Башкы прокуратура акча которду. 39 миллион сом. Бакшы прокуратура тараткан билдирүүдө мыйзамдарды так аткарууну көздөө боюнча жумуш улантылып жатканы айтылууда.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эсепке 96 миллион сомго жакын акча түшкөнүн билдирүүдө. Атайын кызмат кайтарылган каражаттар кайсы фактылар боюнча жана кимдерден өндүрүлгөнүн ачыкка чыгарган жок.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Эсепке түшкөн каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт.