Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн эсептен мектеп куруу иштери каржыланат

1001

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди курууну каржылоо башталды. Чүй областы менен Бишкек, Ош шаарларындагы 15 мектептин имаратына кошумча корпус куруу үчүн 799 миллион 300 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, 2019-жылдын июлунан тартып республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15млн. сомду түзөт. Акчаны Финансы министрлиги Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмөнүн негизинде бөлүп берет. Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Эске салсак, президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.