Коррупцияга каршы дагы бир мекемени түзүү керекпи? (видео)

537

Өкмөт коррупцияга каршы саясат жүргүзө турган жаңы мекеме түзүүнү сунуштап жатат. Токтом долбооруна ылайык, жаңы орган ушул жылдын декабрь айында иштеп башташы керек. Документ коомдук талкууга чыгарылган. Бирок коррупцияга каршы саясат жүргүзүүчү мекемени ким жетектейт жана ал кандай иштеши керектиги так жазылган эмес. Андыктан токтом долбоору талаш-тартыштарды жаратууда.

Адистердин айтымында, жаңы түзүлө турган орган эч кимден көз каранды болбошу керек. Мындан тышкары, УКМКнын карамагындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөттүн курамынан бөлүп, өзүнчө мекеме кылуу сунушу да айтылууда. Жемкорлук менен күрөшүүгө багытталган дагы бир мамлекеттик органдын канчалык зарылчылыгы бар?