Коррупцияга каршы күрөш кызматына жаңы жетекчи дайындалды

1431

Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп Сагынбек Исмаилов дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, Сагынбек Исмаилов автоматтык түрдө УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары дагы болуп калат.

Эске салсак, Коррупцияга каршы күрөш кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев 19-февралда өз арызы менен кызматтан кеткен. Ага улай эле аталган кызматта жетекчилик орундарды ээлеп келген 20га жакын кызматкер да иштен алынганы жана башка кызматтарга которулганы тууралуу маалыматтар тараган.

Ага чейин өткөн Коопсуздук кеңешинде бул мекеме мамлекет башчысы тарабынан катуу сынга алынып, алар өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбай, «кол тийбес кастага» айланып калганы белгиленген.