Коррупцияга шектелген соттордун артында ОПГ турабы? (видео)

642

Уюшкан кылмыштуу топтун пайдасына чечим чыгарды деп шектелген соттордун артында убагында жогорку кызматта иштеген таасирдүү адамдар турат. Айрым депутаттардын айтымында, президенттин аппаратынын соттук реформалар бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, экс-башкы прокурор, УКМКнын мурдагы төрагасынын ысымдары да чыгышы мүмкүн.

Эске салсак, 3 соттук инстанциянын 8 судьясы Кытай инвесторунун жерин рейдерлик менен тартып алган кылмыштуу топтун пайдасына чечим чыгарган деп шектелүүдө. Бир иш боюнча бардык инстанциядагы фемида өкүлдөрүнүн бирдей чечим чыгарып, жогорку уюшкандыкта иш алып барганы кылмыштуу схеманын чети гана болушу мүмкүн.