Коррупциялык иштерден 1 млрд. сомдон ашык каражат өндүрүлдү

649

Коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 52,6 млн. сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Бул сумманын ичинен 497 млн. 916,1 миң сомду Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана 194 млн. 905,5 миң сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  которгон. Башкы прокуратура 357 млн. 657,7 миң сом жана Ички иштер министрлиги 2 млн. 185,6 миң сом төккөн.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Бийлик мындай жол менен коррупция менен күрөштө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу мүмкүн болот деп эсептейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.