Коррупцияны ачыктагандар келбетин өзгөртө алат (видео)

2048

Тышкы келбетин өзгөртүү. Коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу. Жеке адамды, анын турак жайын жана мүлкүн коргоо. Буга чейин коррупция тууралуу маалымат бергендердин коопсуздугу мыйзамда так көрсөтүлгөнү менен аларга сый акы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү бекитилбей келген.

Документ кабыл алынгандан 2 жыл өткөндөн кийин гана Экономика жана финансы министрлиги бул боюнча долбоор иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Ага ылайык, 1 миллион сомго чейинки акчаны 3 негизги документти көрсөткөн тарап гана ала алат. Ал эми жемкорлор тууралуу журналисттик иликтөө жасагандар бул категорияга киреби — белгисиз. Азырынча Экономика жана финансы министрлиги көпчүлүк суроолорду жоопсуз калтырууда.