Коррупциянын айынан сасык тумоо күч алды (видео)

723

Өлкөдө сасык тумоо илдетине кабылгандардын саны кескин жогорулады. Соңку 6 күн ичинде эле 9 миңден ашуун адам грипп илдети менен дарыгерлерге кайрылган. Бул мурдагы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,5 эсеге көп, дешет дарыгерлер. Быйыл курч респиратордук илдеттин алдын алуу үчүн 90 миң доза вакцина алыныптыр.

Ошондой эле, эл аралык уюмдардын көмөгү менен кошумча дармектер алынган. Бирок буга карабай сасык тумоо илдетин жуктуруп алгандардын саны кескин өсүүдө. Координацялык кенешменин жыйынында болсо мындай көрүнүшкө медицина тармагындагы коррупция негиз болуп жатканы ачык айтылган.