Көрүстөндөгү жайлар 5 миң долларга чейин сатылып келген (видео)

664

«Бишкектин аза кызматтар агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Эске салсак, буга чейин көрүстөндөгү жайларды ири суммадагы акчага сатып, паракорчулук кылгандар тууралуу маалыматтар айтылган. Кылмышка шектүүлөр жада калса, тирүү адамдарга да алдын-ала мүрзөдөн жай сатышкан.

Көрүстөндөгү жайлардын баасы маркумдардын динине жараша 20 миң сомдон — 5 миң долларга чейин жетээри аныкталган. Оперативдик иликтөөнүн жүрүшүндө тосулуп, бирок сөөк коюлбаган 30дай жай бар экени аныкталган.