Көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырган “Саякбай” тасмасы (видео)

1219

“Саякбай” көркөм тасмасы 25-апрелден тарта дагы бир жолу өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Анткени коомчулук тарабынан кызыгуулар күчөп, сурануулар болгон. Тасма чет өлкөлөрдө да жылуу кабыл алынууда. Кыска убакыт аралыгында көптөгөн эл аралык сыйлыктарды жана номинацияларды топтой алды. Кино жаратуучулардын айтымында, “Саякбай” фильмин тартуу учурунда башкача атмосфера пайда болгон. Айрым эпизоддорун чагылдырууда режиссер баш болуп тартуу процессине катышып жүргөндөрдүн баары көзүнө жаш алышкан.