Кош бойлуу 13 жаштагы кыз төрөдү (видео)

1805

Чүй областынын Лебединовка айылында 13 жаштагы кыз көз жарды. Ал ооруканага 22-декабрда эле жеткирилип, бирок организми өз алдынча төрөгөнгө жетиле элек болгондуктан, баланы операция жолу менен алып чыгышкан. 13 жаштагы өспүрүм 2 килограмм 800 грамм салмактагы ымыркай кызды жарык дүйнөгө алып келди. Лебединовкадагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу боюнда бар экени күз айларында эле коомчулукка ачыкталган. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, кызын бирөөлөр зордуктап кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бирок дагы деле наристенин атасы табыла элек. Көз карандысыз уюмдардын маалыматына караганда, жылына Кыргызстанда 900гө жакын өспүрүмдүн боюна бүтөт.