Кош никелүү депутаттар кимдер? (видео)

1574

Чубак ажы Жалилов кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Акин Токталиев билдирди. Буга чейин Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери диний ишмерди Чолпон-Атада санаторийде ден-соолугун чындап жүргөн жеринен шаарга алып келишип, 1-декабрда аны алты саат бою суракка алышкан. Ал арада укук коргоочу Азиза Абдрасулова диний ишмердин дагы бир билдирүүсүнө байланыштуу Жогорку Кеңешке ачык кайрылуу жолдоду. Буга Чубак ажы Жалиловдун айрым депутаттарга экинчи аялы менен нике кыйгам, деп айтканы себеп болгон. Азырынча кош никелүү эл өкүлдөрүн ысымдары айтыла элек.