Кош стандартуулук жана ал кимдин пайдасына иштеп жатат? (видео)

661

Мамлекеттен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, КСДПы көрсөткөн талапкердин негизги атаандашын каралоону күчөттү. Ал эми акыйкат болот деген мекеме кош стандартуулукту карманууда. Өткөн ишемби күнү Боршайком талапкер Өмүрбек Бабановдун жолугушуусунда мурдагы муфтий Садык кары Камаловдун сүйлөгөнү боюнча жыйын өткөрдү. Эске салсак, буга чейин Чубак ажы Жалилов Сооронобай Жээнбековго үгүттөп сүйлөгөн. Бирок бул эки окшош көрүнүшкө эки башка баа берилди. Буга чейин Боршайкомдун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү КСДПнын талапкеринин тиешеси жок, деп ага катара эч кандай чара көрүшкөн эмес. Бирок кезек анын атаандашына келгенде, Боршайком өкүлдөрү буга чейинки пикирине караманча каршы чечим кабыл алышты.