Кош жарандуулугу бар депутаттар кимдер? (видео)

867

Өлкөдөгү бардык жетекчилердин жарандыгы текшерилиши керек. Мындай сунуш парламентте көтөрүлдү. Депутаттар Казакстанда контрабандага айыпталып кармалган Дамирбек Асылбек уулу боюнча маселени Жогорку Кеңеште карап, тышкы иштер министрин, УКМКнын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилерин чакырууну сунуштады. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, депутат кош жарандуулукка ээ деген маалымат чыккан соң, коомчулукта көп суроолор жаралууда. Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча маалымат топтолуп жатканын, жакынкы күндөрү жалпы отурумда каралаарын айтты. Мындан тышкары, учурда парламентте эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн жогорку саясий кызматтагыларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Бирок мындай документ 7 жыл мурда да сунушталып, четке кагылган эле.