Кош жарандуулугун жашырган депутаттар (видео)

2802

Ушул шаршембиде 6-чакырылыштын акыркы пленардык жыйыны болот деп пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришти. Анда күн тартибине буга чейин каралбай калган бир катар маселелер коюлган. Ал эми бейшемби күнү 7-чакырылыштын депутаттары чогулуп, анда жаңы мандат алгандарга күбөлүк тапшырылып, ант берүү аземи болот экен. Бирок азырынча 90 эл өкүлү тең ишке киришпейт. Эки округда кайра шайлоо өтөт.

Ал эми №31 Чүй-Кемин шайлоо округунун расмий жыйынтыгы дагы деле чыкпай турат. Буга аталган тилке боюнча алдыга озуп чыккан талапкердин жарандыгы боюнча маселеге чекит коюлбаганы себеп болууда. Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин талапкерлигин жокко чыгарып, эми соттун чечимин күтүүдө. Иш Бишкектин административдик сотунда каралганы турат. Фемида өкүлдөрү эртең бир чечим чыгарууга тийиш.