Кош жарандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилеби? (видео)

1576

Кыргызстанда саясий жана соттук кызматтарды ээлеп тургандар башка өлкөнүн атуулу экени аныкталса,  аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда. Буга байланыштуу парламентте мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, саясий кызматты ээлеп турган адам башка өлкөнүн жараны экенин жашырса, Башкы прокуратура «Жасалмачылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошу керек. Ошол эле убакта, аткаминердин бөтөн мамлекеттин атуулдугун алып жүргөнүн аныктоо өтө эле кыйын, дешет адистер.