Кошумча сабактардын жардамы менен кесипти окуп үйрөнүү (видео)

3687

Эми бүтүрүүчү класстын окуучулары кошумча сабактардын жардамы менен кесиптер тууралуу окуп биле алышат. Мындай пилоттук долбоор жакында эле өлкө боюнча 24 мектеп, гимназияга киргизилген. Ал үчүн атайын окуулардан өткөн 60тай мектеп мугалими кошумча сабактарды өтүүдө.

Билим берүү жаатындагы адистер бул долбоор 2021-жылдан тарта өлкөдөгү баардык мектептерге киргизилерин белгилешүүдө. Келечектеги ар кандай кесип ээлерине кандай багыттар берилип жатат?