Космосбек Чолпонбаев: «Эпидемиологдор өзгөчө кырдаалга даяр»

1315

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жыйындын башталышында коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү кампаларда 3,5 миллион бет кап бар. Ал эми медициналык мекемелерге 1500ге жакын халат, көз айнек жана башка каражаттар да таратылган. Космосбек Чолпонбаев медицина кызматкерлери менен эпидемиологдор өзгөчө кырдаалга даяр экенин кошумчалады.

Коронавирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарында учурда кыргызстандык 15 адам жашап жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди. Анын билдиришинче, жарандардын 14ү студент, бирөө ишкер. Бактыга жараша, алардын эч кимисине оору жуккан эмес, учурда алар сунуштамага ылайык көчөгө чыкпай, жатаканаларда, батирлерде жатышат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эгер мекендештер Кыргызстанга кайтууну кааласа, өкмөт жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Учурда авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Буга чейин коронавирус илдетин жугузган адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды деген маалымат тарап кеткен. Бирок бул чындыкка дал келбей турганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирип, мындай илдетке кабылган эч бир адам катталбаганын дагы бир жолу эскертти.

Ошондуктан, туура эмес маалымат таратып, коомчулукту дүрбөтүүгө жол бербөөнү ар бир кыргызстандыктан өтүнүүдө. Коронавирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде ыкчам байланыш кызматы ачылган. Ошондуктан кандайдыр бир суроо жаралса ошол жакка кайрылган туура.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.