“Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын белгисиз бирөөлөр сындырып кетишти

891

Бишкектеги Жаштар аллеясындагы “Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын белгисиз бирөөлөр сындырып кетишти. Бул окуя боюнча учурда милиция териштирүү жүргүзүп жатат.

Бийиктиги эки, узундугу алты метрлик көз айнек инсталляциясы бир жыл мурда орнотулган. Анда адам укуктарын урматтоого чакырган визуалдык тексттер жайгаштырылган.