Кожомкул балбан тууралуу тасма тартуу үчүн алп адамдар изделет (видео)

4702

Айтылуу балбан Каба уулу Кожомкулдун келээрки жылы 130 жылдыгы белгиленет. Тарыхий датаны утурлай баатыр тууралуу көркөм тасма тартылганы турат. Анын басып өткөн жолун чагылдыруу ниетин алгачкылардан болуп киножаратуучу Болот Шамшиев билдирген. Учурда анда 12 сериялуу тасманын сценарийи даяр турат. Бирок Маданият министрлиги көп сериялуу тасмага каражат жок дейт. Мекеменин өкүлдөрү билдиргендей, баатыр тууралуу узактыгы 120-130 мүнөттүк фильмди тартууга эле 70 миллион сом талап кылынат. Быйыл анын 25 миллион сомун бөлүп, калганын кийинки жылы табуу керек. Каржы маселеси качан чечилет жана тасманы ким тартат, азырынча белгисиз.