Кожомкул тууралуу көркөм тасманын сценарийине сынак жарыяланды

2656

Белгилүү кыргыз балбаны Каба уулу Кожомкул тууралуу көркөм тасманын сценарийине жана режиссеруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, толук метраждуу көркөм тасма мамлекеттик буюртма менен тартылат. Фильм легендага айланган Кожомкул балбандын 2019-жылы белгилене турган 130 жылдык маарекесине арналмакчы. Көркөм тасманы тартууга бюджеттен 25 миллион сом бөлүү боюнча токтом былтыр Жогорку Кеңеште июнь айында кабыл алынган. Ал эми бүгүн жарыяланган сынакка катышууну каалагандардан арыздар 1-мартка чейин кабыл алынат.

Кыргыздын белгилүү балбаны Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Ал күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограммга жеткен өгүздү жаракадан сууруп чыгып, салмагы 635 килограмм болгон ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге уруп киргизгени менен атагы чыккан. Ошондой эле, кыргыз балбаны кыштын күнү Төө-Ашуудан аты жүрбөй калганда, аны жонуна көтөрүп өткөнү айтылып жүрөт.