Көзү азиз аксакал коомчулуктун жардамына муктаж (видео)

2848

Көзү азиз жалгыз бой 60 жаштагы Эркин Токтобеков коомчулуктун жардамына муктаж. Ал Жалал-Абаддын Ноокен районунун тургуну болгону менен акыркы 4 жылдан бери Чүй областынын Ысык-Ата районунда ижарага алган чакан бөлмөдө күн кечирип келет.

Каралашаар жакындары да жок. Эки бир тууганы оорунун кесепетинен каза тапканын айтат. Карыянын көзү таптакыр көрбөгөндүктөн эч жакка да чыга албайт экен. Алган пенсиясы болсо батирдин ижарасын төлөгөндөн ашпайт.