Көзү тирүү адамдарга эстелик орнотууга тыюу салынабы? (видео)

635

Көзү тирүү адамдарга эстелик орнотууга эми тыюу салынышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Ага ылайык, кимдерге, качан эстелик орнотулаарын атайын өкмөттүк комиссия гана аныктайт. Ал эми азырынча тирүү инсандарга эстелик тургузууга мыйзам тыйуу салбайт экен.

Эки кун мурда Апрель баатыры, азыр Алматыда Кыргызстандын Башкы консулунун кызматын ээлеген Алиясбек Алымкуловго анын кичи мекенинде айылдаштары бюст орнотушту. 47 жаштагы мурдагы жаштар министри өзүнүн эстелигинин ачылышына катышты.