Кыргызстан 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга толук өтүшү керек

684

Кыргызстан 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга толук өтүшү керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр референдумда кабыл алынган түзөтүүлөрдүн жарымы ошол замат иштей баштаган, калганы ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Анда негизги башкаруу өкмөт менен Жогорку Кеңешке өтөт. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, парламенттик башкаруудагы өлкөлөр өнүгүп жатат. Учурда АКШ дагы башкаруу системасын карап көрүүнү ойлонууда. Кыргызстан толугу менен 2040-жылга чейин парламенттик башкарууга өтүшү керек, деди президент.