КР «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимден чыкты

744

Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимден бир тараптуу чыкты. Буга экинчи тараптын милдеттемелерди өз убагында аткарбай, техникалык экономикалык негиздемени даярдабаганы себеп болду, деп айтылат министрлер кабинети тараткан маалыматта. Ошондой эле, эки жак техникалык маселелер боюнча бир пикирге келе алган эмес.

Эки ай мурда өкмөт менен кытайлык Хуавей компаниясынын ортосунда «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлган. Инвесторлор 60 миллион доллар каражатка 72 кесилишке видеобайкоо орнотууну убадалаган. Бирок аны аткаруу создуктурулуп келген.

Эми өкмөт өз күчү менен «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Бул үчүн эл аралык донорлор жана бизнес-чөйрөсүн жардамга чакыруу пландалууда. Ал эми инвестициялык келишимден бир тараптуу чыккан үчүн өкмөт «Хуавей» компаниясына эч кандай компенсация төлөбөйт экен.