КР Экономика министрлиги ЕАЭБ комиссиясына кайрылды

1018

Кыргызстандын экономика министрлиги Казакстандын чек арада күзөмөлдү күчөткөнү боюнча ЕАЭБ комиссиясына кайрылды. Кошуна мамлекеттин чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча текшерүүнү киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келет, интеграция жетишкен максаттарга коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү базардын негизги иштоо принциптерин бузууда, деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Мындай мазмундагы катты Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына жөнөттү. Анда Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт деп жазылган.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кошумча текшерүү киргизгенге чейин «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери аркылуу күнүнө 8 миңден ашык жөө адам жана 600гө чукул траснпорт өтүп келген. 10-октябрдан тарта аталган посттор аркылуу болгону 3 миң жөө киши, 357 унаа кое берилген.