КР менен Кытай шарп ылаңына каршы биргелешип күрөшөт (видео)

681

Кыргызстан менен Кытай малдын шарп ылаңына каршы биргелешип күрөшөт. Бүгүн бир катар министрлер менен мекеме жетекчилери президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары тууралуу отчет беришти. Анда ветеринария тармагында келишимге кол коюлуп, анда «аймакка шарптан таза» макамын ыйгаруу боюнча макулдашылган. Ошондой эле, эки тараптуу инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Мындан тышкары, жетекчилер Шанхай кызматташтык уюмунун кийинки жылдагы саммитине Кыргызстан кандай даярданып жатышканын айтып беришти.