КР менен РФ шериктештигин бекемдөөгө дагы бир кадам (видео)

4169

Кыргызстан Россиянын эриш-аркак жылы эки өлкөнүн шериктештигин бекемдөөгө дагы бир кадам. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик Кремль сарайында өткөн салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Ошол эле убакта, Россия да Кыргызстан менен байланышын күчөтүүгө кызыкдар экенин Владимир Путин баса белгиледи. Мындан тышкары, өлкөлөр арасында кызматташуу бир катар тармак боюнча жүзөгө ашып жатканына токтолду. Ошону менен эки мамлекет ортосундагы эриш-аркак жылын өткөрүү кезеги Кыргызстанга өткөрүлдү.