КР өткөрүп салган унаада РК чек арачылары маңзат аныктады (видео)

1376

Кыргыз-казак чек арасында 60 килограмм героин ташып бара жаткан адам кармалды. Маалыматтарга караганда, шектүү Казакстандын жараны жана автомобиль да кошуна өлкөгө таандык. Кармалган адамдын күнөөсү аныкталса, Казакстандын мыйзамына ылайык 15 жылдан 20 жылга чейин, же өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал экен.

Бирок ошол эле учурда шектүү адам маңзатты биринчи бекеттен, тактап айтканда, Кыргызстан тараптан кантип өткөрүп кеткен деген суроо жаралууда. Чек арачылар бекем катылган мыйзамсыз жүктү байкабай калышканбы же көрмөксөн болушканбы?