КР телеканалдардын дээрлик жарымы мыйзамга баш ийбейт (видео)

801

Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын тиешелүү министрлик менен өкмөт камсыздай албай жатат. Муну аткаминерлер өздөрү дагы моюндарына алышууда. Мыйзамдын талаптарына ылайык, Кыргызстандагы телеканалдар обого чыгарган берүүлөрдүн жарымынан кем эмес бөлүгү жергиликтүү өндүрүштөн чыккан болушу керек. Ошондой эле, берүүлөрдүн 50 пайызы мамлекеттик тилде болуусу зарыл.

Бирок бул талаптар күчүнө киргенине бир жыл болуп калса дагы, 50гө жакын телеканалдын басымдуу көпчүлүгү аларды аткарбай жатышат. Маселе — ал талаптардын ишке ашырылышын көзөмөлдөй турган мекеменин алсыздыгында. Маалымат саясатын тескеген мекеме: «мыйзамды аткарууга мүмкүнчүлүк жана механизмдер жок» деп актанып чыкты.