КР жарандарына РФда өз күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн

869

Россиянын Мамлекеттик Думасынын транспорт жана курулуш комитетине Кыргызстандык жарандарга өз өлкөсүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору жөнөтүлдү.

Документтин демилгечилери Россиянын либерал-демократиялык партиясынын депутаттары Игорь Лебедев менен Ярослав Нилов. Россиянын эл өкүлдөрүнүн мындай кадамга баруусуна Кыргызстан Октябрь революциясы күнүнүн ордуна, Тарых жана ата-балаларды эскерүү күнүн белгилөө тууралуу чечим кабыл алышы себеп болуптур.

Эске салсак, быйыл Россияда 1-июндан тарта башка өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салынган. Анда бир катар кыргызстандыктар жумушсуз калган болчу. Бирок 2 айдан кийин президент Владимир Путиндин чечими менен кыргызстандык жарандарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө уруксат берилген.