Крандан аккан сууну ичүү ден-соолукка зыянбы? (видео)

1460

Кыргызстанда крандан аккан сууну ичүү ден-соолукка зыян. Мындай бүтүмдү Америкалык изилдөө борбору чыгарган. Анда Кыргызстан суусу кооптуу делген 187 өлкөнүн катарына кирген. Бирок мындай корутундуга Бишкек суу канал ишканасы макул эмес.

Адистердин айтымында, калаа тургундары крандан чыккан сууну эч ойлонбостон иче берсе болот. Анда ден-соолуукка зыян эч нерсе жок. Суунун сапаты баардык талаптарга жооп берет экен. Ошондой эле, күн сайын таза сууга анализ жүргүзүлүп турат, дейт адистер.