КРда кытайларга иштөөгө уруксат бергендерге иш козголду (видео)

975

Чет элдик жарандарга Кыргызстандын аймагында иштөөгө мыйзамсыз уруксат берилген. Мындай ишке барган Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнө карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Бирок бул үчүн ким жооп берери азырынча белгисиз. Аныкталган фактынын негизинде кылмыш иши ачылып, учурда тергелип жатат. Быйыл Кыргызстанда эмгектенүүгө ниеттенген чет элдиктер үчүн 16 миң квота бөлүнгөнү белгилүү. Маалыматтар боюнча, Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат алгандардын 70 пайызын кытайлыктар түзөт.