КРдагы ишкерлердин укугун бизнес-акыйкатчы коргойт (видео)

969

Февраль айынын тарта ишкерлердин акыйкатчысы иштей баштаары күтүлүүдө. Эске салсак, өкмөттө Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча токтомго кол коюлган. Ага ылайык, министрлер кабинети, ишкерлер коомчулугу жана институтту каржылаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген Байкоочу кеңеш түзүлүшү керек.

Ал кеңеш өз кезегинде бизнес акыйкатчыны шайлоонун жол жобосун иштеп чыгып, бир айдын ичинде аны тандашы керек. Ишкерлердин омбудсмени 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү бул чечимди кубатташып, аны ишкерликти өнүктүрүүгө карай бир кадам катары баалашууда.