Кримчөйрөдө тирешүү. Экөө өлдү. “Дөө Чыңгыз” изделүүдө (видео)

1205

Криминалдык чөйрөдө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланды. Ал эки адамдын өлүмүнө шектелүүдө. Аны менен кошо жүргөн 2 киши колго түштү. Алар кылмыштарын моюндарына алып, Чыңгыз Жумагуловго каршы көрсөтмө беришкен.

10-апрелге караган түнү Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн жанына катуу сабалган 2 адамды таштап кетишкен. Аларды жеткирип келгендер из жашырган. Ур-токмокко кабылгандар эс учуна келбей, каза болгон. Маалыматтар боюнча, алар “Сакал” каймана аты бар Улан Токтосуновдун тобунун мүчөлөрү экени айтылууда.